Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Р. Үмбеталиев: “Ата Мекен” партиясы менен “Күчтүү Кыргызстан” партиясы бириккенин эки күндөн кийин радиодон уккам
Расул Үмбөталиев бүгүнкү маалымат жыйында “Ата Мекен” партиясы менен “Күчтүү Кыргызстан” партиясы бириккенин эки күндөн кийин радиодон укканын айтты. Анын айтымында, Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” партиянын саясий кеңешмеси менен кеңешпей туруп, өзү чечим кабыл алган.
“Аида Салянова биздин партияга кирердин алдында, шайлоого катышканга каражаттын баарын өзү каржылай турагынын айткан. Ошондой эле менден ал “Ата Мекен” партиясына көз карашыңыз кандай деп сураган. Айрым ММКларда Текебаевди “марадер” деп жазып жатат деп айтсам. Ал бул боюнча иликтөө жүргүзгөнүн айткан. Иликтөөнүн негизинде бул жалган маалымат экенинин билдирди. Мен Саляновага өзүмө ишенгенден да көбүрөөк ишенчүмүн”, -дейт Р. Үмбеталиев.
Мындан тышкары Үмбеталиев “Ата Мекен” партиясы менен бириккенин уккан “Күчтүү Кыргызстандын” мүчөлөрү партиядан чыгып кетишкенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын лидери. Ал кечээ, 16-августта “Ата Мекен” партиясынын парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесинде төртүнчү болуп бекитилген.Расул Үмбөталиев “Ата Мекен” партиясы менен “Күчтүү Кыргызстан” партиясы бирикти деген маалыматты радиодон укканын айтты. Анын айтымында, Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” партиянын саясий кеңешмеси менен кеңешпей туруп, өзү чечим кабыл алган.
“Аида Салянова биздин партияга кирердин алдында, шайлоого катышканга каражаттын баарын өзү каржылай турагынын айткан. Ошондой эле менден ал “Ата Мекен” партиясына көз карашыңыз кандай деп сураган. Айрым ММКларда Текебаевди “марадер” деп жазып жатат деп айтсам. Ал бул боюнча иликтөө жүргүзгөнүн айткан. Иликтөөнүн негизинде бул жалган маалымат экенинин билдирди. Мен Саляновага өзүмө ишенгенден да көбүрөөк ишенчүмүн”, -дейт Р. Үмбеталиев.
Мындан тышкары Үмбеталиев “Ата Мекен” партиясы менен бириккенин уккан “Күчтүү Кыргызстандын” мүчөлөрү партиядан чыгып кетишкенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын лидери. Ал кечээ, 16-августта “Ата Мекен” партиясынын парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесинде төртүнчү болуп бекитилген.