Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Р. Үмбөталиев: Аида Салянованын тарапташтары менен күрөш башталса, өзүмдүн жактоочуларым менен башкача чара көрөм
“Аида Салянованын тарапташтары мени туура эмес маалымат таратып жатат деп чыгышы мүмкүн”, -деп бүгүнкү маалымат жыйында “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Расул Үмбөталиев билдирди.
Анын айтымында, ал бүгүнкү маалымат жыйында толук маалымат берген жок.
“Салянованын тарапташтары менен күрөш башталса, өзүмдүн жактоочуларым менен башкача чара көрөм. Башкача кадамдарга даярмын. Күрөш уланса дагы маалыматтарды дагы айтышым мүмкүнмүн”, дейт.
Мындан тышкары, Расул Үмбөталиев парламенттин XI созывына акчалуулар гана келе турганын айтты.
“Алардын ичинде коррупцияга малынган, “бандиттер” келиши күтүлөт. Эл үчүн иштей тургандар келет дегенге күмөнмүн”, -дейт Р. Үмбөталиев.
Эске алсак, Расул Үмбөтөлиев бүгүн Аида Салянова “Ата Мекен” партиясы менен өзүм билемдик кылып иштешкенге укугу жок экенин айтып, маалымат жыйын өткөрдү. Кечээ, 16-августта “Ата Мекен” партиясынын парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесинде төртүнчү болуп бекитилген.