Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Р. Жээнбеков гепатит менен күрөшүү боюнча кеңеш түзүүнү парламенттик жыйында сунуштады
28 05 2015 10:54
ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков гепатит менен күрөшүү боюнча кеңеш түзүүнү парламенттик жыйында сунуштады.
Эл өкүлү бул сунушту Өкмөткө, Жогорку Кеңешке сунуштады.
“Ал кеңеш программа иштеп чыгып, оорунун алдын алып, ооруулуларга жардам берип иш алып барышы керек. Кыргызстанда бул ооруну жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Расмий эсеп боюнча 224 миң адам гепатиттин эң оор С формасы менен ооруйт. Бирок чынында мындан көп болушу мүмкүн”, -дейт Р. Жээнбеков.