Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Р. Жээнбеков: “Нарында өтө турган митингге тиешем жок”
“Нарында өтө турган митингге тиешем жок”, - деп социалдык тармак аркылуу бүгүн, 12-январда ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, Конституцияда жарандардын тынч митинг өткөрүүгө укуктары каралган жана уруксат берилген.
“Саясий, социалдык болобу, жарандар өз укуктарын, талаптарын бийлике тынч жол менен жеткирүүгө укуктуу. Бул жагынан толугу менен Нарындыктарды колдойм”, - дейт Р. Жээнбеков.
Бүгүн, 12-январдагы маалымат жыйынында Нарындын тургуну, Апрель революциясынын баатыры Асылкүл Жаманова 14-январда өтүүчү Нарындагы митингди Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Садыр Жапаровдор уюштуруп жаткандыгы тууралуу билдирген. Ошондой эле аларды “бийлике таарынган саясатчылар” деп атап, Нарын элин аларга курал болуп бербөөгө чакыргын.