Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Р. Жээнбеков: “Пенсия октябрда жогоруласа демек шайлоого карата добуш алыш үчүн көтөрүлөт”
11 02 2015 11:08
2010-жылдан бери пенсия сегиз жолу көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттик жыйында Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.
М. Абулгазиевге ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков: “Пенсияны качан көтөрөсүңөр”, - деп суроо берди.
Социалдык фонддун төрагасынын айтымында, жакын арада же октябрда пенсия көтөрүлө турганын айтты.
“Пенсияны кандай механизация менен көтөрөбүз деп иштеп жатабыз”, -дейт М. Абулгазиев.
Равшан Жээнбеков: “Пенсия жакын арада эмес октябрда жогоруласа демек шайлоого карата добуш алыш үчүн көтөрүлөт”, -дейт.