Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Республика боюнча 2 миллионго жакын жаран биометрикалык маалымат тапшырды
14 01 2015 11:23
Республика боюнча 2 миллионго жакын жаран биометрикалык маалымат тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биометрикалык маалыматты Бишкектин 37 пайызы тапшырса, Ош шаарында болсо 77 пайыз тапшырды. Ал эми Ош облусунда 62, 5 пайыз, Нарын облусунда 51, 85 пайыз, Чүй облусунда 57, 5 пайыз, Ысык-Көл облусунда 51,4 пайыз, Баткенде 56, 3 пайыз, Талас облусунда 53 пайыз, Жалал-Абад облусунда 50 пайыз жаран биометрикалык паспортко ээ болушту.
20-октябрдан тарта жарандардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу башталган.