Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Республика боюнча ВИЧтен 1012 адам каза болсо, анын ичинен СПИДден 325 адам көз жумду
Республика боюнча ВИЧтен 1012 адам каза болсо, анын ичинен СПИДден 325 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-сентябрда билдирди.
Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, 1-сентябрга карата өлкө аймагында ВИЧ-инфекциясы боюнча 5 миң 537 учур расмий катталды.
Анын ичинде КРнын жарандары — 5 миң 296 адам. Бул сандын ичинен эркектер — 3 миң 608, аялдар — 1 миң 688, ал эми 667 адам СПИД менен жабыркагандар.
Жыл башынан бери ВИЧ-инфекциясын 401 адам алып жүргөндүгү аныкталды, анын ичинен эркектердин саны – 216, аялдар – 185 болсо, бул сандын ичинен 102 адам баңги затын инъекциондук колдонгондор.
Маалыматка боюнча, жыл сайын ВИЧ-инфекциясы боюнча аныкталган учурлардын саны өсүүдө. 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга. жогорулады.