0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Политика

    «Республика» менен «Ата Журт» биригүү курултайын октябрдын аягына чейин ѳткѳрѳт

    «Республика» менен «Ата Журт» биригүү курултайын октябрдын аягына чейин ѳткѳрѳт
    06 10 2014 12:21

    «Республика» менен «Ата Журт» биригүү курултайын октябрдын аягына чейин ѳткѳрѳт. Эки партия биргелешкен программасынын долбоорун да даярдады. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Ата Журт» партиясынын лидеринин кеңешчиси Нурлан Шакиев билдирди.

    Анын айтымында, курултайда бириккен эки партиянын тең тѳрагалары жана эки тараптан 15 кишиден турган  Саясий кеңештин мүчѳлѳрү шайланат. Андан тышкары партиялардын аттары бириктирилген бир аталышы тандалып, азыр даярдалып жаткан программасы кабыл алынат.

    Н.Шакиев «программа экономикалык ѳнүгүүнү камсыз кылуу  багытында даярдалып, 2010-жылдагыдай куру убадалар эмес, ишке ашчу милдеттерди алдыга коет, ага Ѳкмѳт башчы болуп иштеген Ѳмүрбек Бабанов менен фракция лидери болгон Камчыбек Ташиевдин тажрыйбасы түрткү берип жатат» деп кошумчалады.

    Анын билдирүүсү боюнча, эки партиянын биригүүсүнѳ саясий кызыкчылык менен партияларды ирилештирип, элдин ишенимин бекемдѳѳ зарылдыгы түрткү берди.

    Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов TOPNEWS.KGге «Бул тандемдин ѳмүрү узун болот деген ишеним жок, себеби эки партиянын багыты да, лидерлеринин кѳз караштары дагы тѳп келбейт. Алар парламенттик шайлоого бирге барып, депутаттык мандат алыш үчүн гана бирикти, андан аркы ишмердиги бир болушу арсар» деп билдирди.

    «Республика»  жана «Ата Журт» партиялары 2010-жылкы шайлоодо жеңишке жетип, 28 жана 23 депутаттык орун алган партиялар, бирок «Республикадан» эки депутат ѳз партияларын түзүп, үч депутат «Ынтымак» тобуна чыгып кетишсе, «Ата Журттан» да бир нече депутат башка топторго мүчѳ болушкан.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *