Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Республикада бир жылда катталган кылмыштардын саны 27 070 түздү
23 04 2015 10:42
2014-жылы республикада катталган кылмыштардын саны 27 070 түздү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде 2014-жыл үчүн премьер-министрдин отчетунда Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, 2013-жылга салыштырмалуу 147 кылмышка, же 0,5 % аз.
«23 473 кылмыш ички иштер органдарында катталып, кылмыштардын жалпы санынын 86,7 пайызын түзөт. Республиканын ички иштер органдары тарабынан 18 794 кылмыштын бети ачылды, бул 2013-жылга салыштырмалуу 0,3 пайызга көп, кылмыштын бетин ачуу пайызы 75,1 пайызды түздү», - дейт Ж. Оторбаев.