Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Резаханова Зита менен Гитага материалдык жардам көрсөтүлдү
20 10 2014 12:15
Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Резаханова Зита менен Гитага материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүндү. Мындай маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, президенттик социалдык саясат бөлүмүнүн өкүлдөрү 17-октябрда Улуттук госпиталдын ириң хирургиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан Зита Резеханованын абалын көрүүгө келишкен.
Президент Алмазбек Атамбаев Зита менен Гитанын тагдырын өзүнүн көзөмөлүнө алгандыгын билдирүү менен Зитанын мындан аркы дарыланышына жана Махмуда Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш таануу университетинен билим алуунуну каалаган Гитанын билим алышына жардам берерин убадалаган.