Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
С. Осмоналиев: “Республика боюнча 14 эт сатуучу дүкөн убактылуу жабылган”
Эпизоотикалык абалды алдын-алуу үчүн республикадагы 74 эт союлуучу, 45 эт сатуучу дүкөндөр текшерилип, он төртү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аларга тийиштүү көрсөтмөлөр берилген.
“Негизги инпекторлук жумуштар чек-ара ветеринардык пунктарында жүрүп, 2014-жылы 111449 тонна тоок эти, 70 килограмм боодо малдын эти жана 405 килограмм тоок эти кармалып артка кайтарылды”, - дейт С. Осмоналиев.
Мындан тышкары аталган комитеттин мүчөсү Эсенгул Исаков республикада эпизоотикалык абал коркунучтуу болуп жатканын билдирди.
"Жаздын келиши менен оорулар ойгонот. Малдарга эмдөө жүргүзүш үчүн дары-дармек алууга тендер жарыяланган. Малчылар нааразы болушууда. Өкмөт бул маселени чечүүдө тийиштүү чараларды көрүүсү зарыл",- дейт Э. Исаков.