Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
С. Шейшенов: «Ата Мекен» партиясынын Жерүй иштеши керек, бирок цианид колдонулбай иштетилсин дегени бизди таң калтырды
«Ата Мекен» партиясынын Жерүй иштеши керек, бирок цианид колдонулбай иштетилсин дегени бизди таң калтырды», - дейт «Талас Эл Ынтымагы» кыймылынын төрагасы, Талас шаарынын экс-мэри Серен Шейшенов.
Анын айтымында, аталаган патиянын мүчөлөрү сүйлөйм деген таластыктарга сөз бербей, жыйынды эптеп-септеп бүтүрүп салышкан.
«Республика - Ата-Журт» болобу же «Ата Мекен» партиясы болобу өзүнүн элине, жерине, аска-тоолорго кыянттык кылып, экологиялык тазалыкка балта чаап жатканы, чет өлөлүк компанияларга көпүрө болоюн дегени өтө коркунучтуу, жат көрүнүш. Жерүйдү ачам деген тараптын келечеги жок! Жерүйдөн колуңарды тарткыла!», - дейт С. Шейшенов.
Эске салсак, «Ата Мекен» партиясы кечээ, 16-июнда Талас шаарында Жерүй маселесин жергиликтүү эл менен чогуу талкуулашкан.