Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
С. Соурбаева: “Агрардык канал түзүү зарыл деп эсептейм”
“Биздин өлкө агрардык болуп саналгандан кийин агрардык канал түзүү зарыл деп эсептейм”, -деп КТРКнын башкы директоруна талапкер Сюита Соурбаева билдирди.
Ошондой эле Спорт каналынын ишин жакшыртууну сунуштады.
“Коомдук биринчи каналда кадрдык реформа жүргүзүү зарыл. Кызматкерлер сынак аркылуу тандалышы керек. Чет өлкөлөрдө өзүбүздүн пункттарыбызды ачышыбыз абзел”, - дейт С. Соурбаева.
Мындан тышкары, корпорацияда көп жылдан бери иштеп жүргөн кызматкерлерди үй менен камсыз кылуу керек экенин баса белгиледи. Ал эми жаш кызматкерлерди жатакана менен камсыздап, кызматкерлерге иштөөгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү зарылдыгын айтты.
“КТРКга мамлекет акча берип жатса, мамлекетти сөзүн сүйлөө эмес, Коомдук канал болгондон кийин коом менен тыгыз байланышта болуш керек”, - дейт талапкер.