Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясынын катарына кошулду
Экс-депутат Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясынын катарына киргенин социалдык тармак аркылуу кабарлады. Ал партияга кириүүгө чакыргандарга ыраазычылыгын билдирди.
"Мекенчил" партиясына жалаң жаштардан турган команда топтолуп жаткандыгы мени абдан кубандырды.
Ошону менен бирге эле өлкөбүздүн башкаруу системасын бүгүнкү замандын талабына ылайык келтирүү боюнча программалары менен дагы таанышып чыктым жана колдоого татаарлык деп эсептедим. Анткени, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы партия же саясий күчтөр мындай так жана даана көрсөтүлгөн жаңы башкаруу системасын түзүү боюнча программа сунушташканын байкаган эмесмин.
Албетте, сунушта кемчиликтер жок эмес. Аларды жалпы элдин талкуусуна коюп чечсе болоору талашсыз деп эсептейм», -дейт С. Жапаров.
Эске салсак, өткөн жумада аталган партиянын лидерлери бир канча саясий ишмерлерди өздөрүнүн катарына чакырып маалымат жыйын өткөрүшкөн.
чындыгында мелис мырзакматовту кошуп алсанар аябай жакшы болот
Абдан жакшы, Мелис Мырзакматовду дагы кошуп алгыла. Алга!