Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтөт
11 11 2014 16:11
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 13-ноябрда манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтөт. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди..
Маалымат боюнча, иш-чарага Саха Республикасынын Депутаттар Жыйынынын төрагасы Александр Жирков, КРнын бийлик өкүлдөрү, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов катышышат.
Иш-чара алкагында манасчынын өмүр жолу чагылдырылган даректүү тасма көрсөтүлөт. Мындан тышкары, концерттик программа уюштурулмакчы.