0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (сереп) Алсыздарды кармаган, күчтүүлөрдөн качкан милиция

    (сереп) Алсыздарды кармаган, күчтүүлөрдөн качкан милиция
    23 04 2015 16:41

    Тынч чогулуштарды үзгүлтүккө учуратууга милициялардын укугу барбы?

    Жарандардын конституциялык укуктарын бузган милициялар

    Акыркы учурларда милиция кызматкерлери тынч чогулуштарды “билдирме берген жок” деген шылтоо менен күч колдонуп, үзгүлтүккө учуратып жатышат.  КРнын Конституциясынын 34-беренесиндеТынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт”, - деп жазылган.

    Бирок милиция кызматкерлеринин мындай кадамдарынан улам алардын КРнын Конституциясын окубаганын айгинелеп турат. Мисал катары жакынкы күндө Бишкекте Ак үйдүн алдына насыяларын төлөй албай калгандарын айтып, тынч митингге онго жакын айым чыгышкан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын плакаттарын тартып алып, аларды күч колдонуп кармап кетишкен. Бул боюнча парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев тынч митингге чыккандарды мыйзамсыз алып кетүү боюнча прокуратуранын текшерүү жүргүзүүсүн талап кылган. Мындан тышкары милициялар жарандардын конституциялык укуктарын бузушканын айткан.

    Ошоной эле дайыма ар кандай маселелерди козгоп, жалгыз тынч митинг өткөргөн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милициялар мыскылдап, жазууларын тартып алышат.

    Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тынч митинг өткөргөндөргө тандап мамиле кылышабы?

    Айрым учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кээ бирлерине жогорууда жазылгандай орой мамиле кылышат. Ал эми тынч чогулушка көбүрөөк жаран келе турган болсо милициялар башкача мамиле кылганы дагы байкалып турат. Буга факт катары 10-апрелдеги Ак үйдүн алдындагы эки митингди мисал келтирсе болот. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жалгыз акцияга чыккандыгына байланыштуу ага милиция тарабынан орой мамиле жасалып жаткан. Ошол эле учурда, ошол эле милициялар “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси жана колдоп келгендердин саны көбөйгөндө плакаттарын тартып алмак түгүл үн катпай турушту.

    Мыйзамда билдирүү деген бар, бирок ал укук катары каралат

    "Кылым шамы” укуктук борборунун өкүлү Гүлшайыр Абдырасулова тынч чогулуш өткөргөнгө билдирүүсү жок тыюу салганга болбой турганын TOPNEWS.KG маалымат порталына айтып берди.

    -Тынч чогулуш өткөрө тургандар өрт өчүрүү кызматын, медициналык жардам жактан же биотуалеттерди коюп бер десе анда билдирүү бергенге укугу бар. Эгерде билдирүүсү жок болсо милиция кызматкерлеринин тынч митингди үзгүлтүккө учуратышына укуктары жок. Кечээ Биринчи май райондук милиция кызматкерлерине семинар өткөрдүк. Аларга 15-апрелде Ак үйдүн алдына насыяларын төлөй албай митингге чыккан зайымчыларды кармап кеткен милицияларга туура эмес кылгандарын айттык.

    Милиция кызматкерлери жалаң эле мыйзамга таянышат. Мыйзамда билдирүү деген бар, бирок ал укук катары каралат.

    Мындан тышкары милициялар журналисттердин ишмердүүлүгүнө дагы тоскоол болгон учурлар кездешип жатканын Гүлшайыр Абдырасулова айтып берди.

    -Милициялар ММКлардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, эч кандай тыюу салганга болбойт. Алар тыюу салгандын ордуна журналисттердин коопсуздугун сактап бериш керек.

    Ошондой эле “Кылым шамы” укуктук борборунун өкүлү  милиция кызматкерлери жетекчилик тараптан “көрсөтпөй кармап кеткиле” деген тапшырма келе турганын айтышканын билдирди.

    -Биз РИИБдин кызматкерлерине семинар өткөргөндө, милициялар жергиликтүү органдардын жана мэрияда иштегендерге ушул боюнча түшүндүрсөңөр жакшы болмок дешет. Алар көз каранды болуп жатканын айтышты.

    Ошону менен катар эле Гүлшайыр Абдырасулова тынч чогулуш уюштуруп, милициялардан жабыркагандар өздөрүнүн укугун коргоп, сотко кайрылбай жатканын да баса белгиледи.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *