0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (сереп) Кесипти эптеп диплом алуу үчүн тандайбы?

    (сереп) Кесипти эптеп диплом алуу үчүн тандайбы?
    10 06 2015 17:38

    Жашоодогу эң жоопкерчиликтүү кадам бул - келечектеги кесибин тандоо

    Азыркы учурда абитуриенттердин алдында кеип тандоо маселеси турат. Ооба кесип тандоо оңой сезилгени менен кесип эң жоопкерчиликтүү кадам болуп саналат. Акыркы кездерде кесиптер жөнүндө кеңири билбей туруп, туура эмес тандап алышат. Ошондой эле кесип тандоодо алардын жекече өзгөчөлүктөрү, жан дүйнө байлыктары менен төп келбей калган учурлар кездешүүдө. Башкача айтканда жөндөмдүүлүгүнө, шыгына, кабыл алуусуна көңүл бурушпай келишет.

    Туура эмес кесип тандоонун кесепети

    Кесипти туура эмес тандоонун айынан  жогорку окуу жайларды бүтүрүп, дипломдорун катып коюп, башка жумуштарда иштеп жүргөндөрдүн саны арбын. Мындан тышкары абитуриенттер өздөрүнүн кызыгуусуна карап кесип тандашат. Айрымдардын айтымында, кызыгуу көбүнчө белгилүү бир убакыттан кийин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан кесипти тандоодон мурун жакшылап ойлонуусу керек. Ал эми кээ бир жарандар диплом эле алсак болду деген ой менен жогорку окуу жайларга тапшырышат.

    Замандын талабы боюнча кандай кесип тандоо керек?

    Кыргызстанда замандын талабына ылайыктуу кандай кесип тандоо керек экенин TOPNEWS.KG маалымат порталына БГУнун профессору Тилектеш Ишемкулов айтып берди.

    -Кыргызстан аградык мамлекет болуп саналгандан кийин агрардык тармакта иштей турган адистер көп талап кылынат. Ошондой эле мисалы бизде тоо кен байлыктары көп ушул багытта иштей турган адистер абадай керек. Санариптик тармактар боюнча адистер жетпей жатат. Орто мектептерде чет тил, математика, физика, тарых сабактарынын мугалимдери жетишсиз.  Ушуларды даярдоого көңүл буруу зарыл, ал үчүн албетте мугалимдердин эмгек акысын жогорулатыш керек.

    Эптеп диплом алууну каалагандар

    Тилектеш Ишемкуловдун билдирисүү боюнча көпчүлүктөр өзүнө ылайыктуу кесип тандабай, эптеп дипломго ээ болууну каалашат.

    -Мындай көрүнүштү жоюу үчүн жалпы жогорку окуу жайлардын тутумун бир кылкага салып, тартипке келтирип, жыйырмага чейинки окуу жайды сактап кала турган болсок адистерди даярдоо бийиктикке көтөрүлүп чыкмак деп ойлойм.

    Демек кесип тандоо бул адам баласынын жашоосундагы эң чоң кадамдарды бири. Ошондуктан жаңыдан окууну бүтүргөндөр тапшыра турган окуу жайдын престиждүүлүгүнө же эл арасында таралуу деңгээлине карап тандоо – эң чоң жаңылыштык экенин эске алышы керек.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *