0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (Сереп) Жерүй бүтпөс чатакка айланабы?

    (Сереп) Жерүй бүтпөс чатакка айланабы?
    25 05 2015 12:17

    Жерүй конкурстан жеңгендикиби?

    Жерүй Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери колдон-колго өтүп, иштетилбей келет. 84 тонна алтын бар экени маалым.

    Жерүйдүн тегерегинде бир нече жылдан бери ызы-чуу болуп, былтыр конкурс жарыяланган. Акыр аягы быйыл 4-майдагы конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.

    Бирок, Таластын айрым жашоочулары Жерүйдүн иштетилишине каршы экенин билдирип, акцияларды уюштурушууда.

    Алтын кен 100 миллион долларга бааланып, аталган компания алгачкы 10 миллион доллар өлчөмүндөгү кепилденген төлөм Геология боюнча мамлекеттик агенттигинин эсебине түштү. Ал эми калган 90 миллион долларды бир айда которуш керек. Кийинки үч айда компания толук иштеп баштаганга милдеттүү.

    Таластын айрым жашоочулары Жерүйдүн иштетилишине макул эмес

    Талас районундагы Кара-Суу айыл аймагында өткөн жумада облустун төрт районунан келген үч жүздөн ашуун адамдын катышуусунда Жерүйдүн иштетилишине каршы улуттук жыйын өтүп, резолюция кабыл алынган. Резолюцияда 4-майда алтын кендин иштетилиши боюнча өткөн конкурс мыйзамсыз деп табылышын талап кылыша турганы жазылган. Жыйындын катышуучуларынын көпчүлүгүн кооптондурганы экологиялык маселе экенин айтышты. Элдин пикири эске алынбай, тендер жыйынтыкталганы туура эмес экенин белгилешти.

    «Талас эл ынтымагы» кыймылынын төрагасы Серен Шейшеновдун айтымында, Талас элинин 97 пайызы Жерүйдүн иштетилишине каршы экенин айтты.

    «Жыйында өкмөт мүчөлөрү, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жетекчиси, тендердик комиссиянын мүчөлөрү Жерүйдү эмненин негизинде иштетилиши керек экени тууралуу элдин астына чыгып жооп беришин талап кылабыз. Ошондой эле жыйында бийликтин эл менен эсептешпей алтын-кен иштетүү боюнча ишине баа беребиз», - дейт С. Шейшенов.

    Жерүйдүн иштетилишине каршы митингге жол берилбейби?

    Премьер-министр Темир Сариев Жерүйдүн иштетилишине каршы митингдерге жол берилбеш керек экенин өкмөттүн отурумунда билдирген.

    Анын айтымында, ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевге кийинки жумада Таласка барып, элге түшүндүрүү ишин жүргүзүү тапшырмасын берген.

    «Биз конкурс өткөрүп, жеңичүүнү аныктаганбыз. Кээ бир жарандар элди митингге же акцияга чакырып жатышат. Жерүйдү иштетип, андан түшкөн акчага жол, балдар бакчасын жана мектеп кура алабыз», - деп билдирген өкмөт башчы.

    Ал эми «Талас эл ынтымагы» кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов алардын жыйынын эч кандай күч токтото албай турганын белгилеген.

    «Орус конвенциясында, алтын чыккан чөйрөдө эл макул болбосо өкмөт ача албайт деп жазылган. Биздин үнүбүздү укпай коюшса, мыйзам чегинде аягына чейин турабыз», - дейт С. Шейшенов.

    Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстар саясаты боюнча башкармалык башчысы Адилет Акматалиев айрым бир ММКларга берген маегинде, тендер ачык-айкын өткөнү баарына маалым экенин билдирген.

    «Жергиликтүү калктын өкүлдөрү келип катышкан. Андан сырткары Бек-Молдо айыл өкмөтүнөн он төрт тургун тендердик комиссиянын тандоо кеңешине кирген. Ага карабай азыр Экономика министрлиги менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик Таласка барып, эл менен жолугууну пландап жатат», - дейт А. Акматалиев.

    7-июнда түшкү саат он экиде Талас шаарындагы Э. Кутманалиев атындагы борбордук стадионунда Жеруйдүн иштетилишине каршы улуттук жыйын өтөт.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *