0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (Сереп)“Жоогазын ыңкылабынан” кийин Кыргызстанда 10 жыл аралыгында өзгөрүүлөр болдубу?

    (Сереп)“Жоогазын ыңкылабынан” кийин Кыргызстанда 10 жыл аралыгында өзгөрүүлөр болдубу?
    24 03 2015 11:18

    Бүгүн, 24-март “Жоогазын ыңкылабы” деп аталган окуяларга 10 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин бийлиги кулаган.

    Ал эми Акаевдин ордуна июль айында Курманбек Бакиев президент болуп шайланган. Бирок бийликке келген президент Курманбек Бакиев беш жылдан кийин ушундай эле жол менен бийликтен куулган.Кыргызстандын тарыхында 10 жыл аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду?

    Саясат таануучу Бакыт Бакетаев 2005-жылы 24-мартта болгон революция өзүнүн талаптарына, элдин ойлогон максаттарына жетпегенин айтты.

    -24-мартта эл оппозицияны колдоду. Бирок Курманбек Бакиев эл күткөн өзгөрүүлөрүн аткара албады. Мына ошондуктан анын дагы бийлиги кулаган. Анткени 24-мартта биринчи коррупцияга каршы эл оппозицияны колдогон. Бакиев бул иштин аягына чейин жете албай жарым жолдо коррупциялашып, бардыгы “ит болду таала гүлдөрү” деген бар го. Ошон үчүн 7-апрелде экинчи революция болду.

    Ал эми азыркы учурда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 2005-жылкы революциядан кийинки коомдогу терс көрүнүштөрдөн кийин  оң жылыштар азыр түзүлө баштаганын белгилеген.

    -Биринчи кезекте мунун терс таасирлери дагы оң жактары дагы бар. Жакшы жагы катары  2010-жылдан кийинки парламенттик системанын орношу, ачыктыктын кириши, бийликтин бирин-бири көзөмөл кылууга өтүшү, коррупцияга каршы күрөштүн башталышы. Бул 2010-жылдын жыйынтыгы. Ал эми биринчи революциянын терс жактары 24-мартан кийинки Аскар Акаевдин кетирген кемчиликтерин кайталагандыктан экинчи революция чыгып кеткен. Айтоор экинчи революциядан кийин жыйынтык чыгып  жатат десек болот.

    Коомдук ишмер, юстициянын генералы Кубатбек Кожоналиев Кыргызстан мурда бир үй-бүлөнү багып отурса, азыр  болсо анын саны көбөйүп беш партияга чейин жетип калды деп өзүнүн оюн билдирди.

    - Ошонун айынан Кыргызстан өткөн кышында тарыхында биринчи болуп электр энергияны кымбат баада Казакстандан сатып алмай болду. Калгандарын айтпай эле коёюн. Биздин азыркы тарыхыбыздын ары өнүгүп жатканын эмне болуп бүтөөрүн бир да адам айта албайт. Бажы биримдигине кирип жатабыз. Россияга карата санкциялар жарыяланып жатат, ал кандай болот экен? Баалар көтөрүлүп жатат. Элдин жашоо-турмушу, деңгээли кескин түрдө төмөн түшүп жатат. Эшектин этин жеп деген “скандалды” мен да биринчи жолу угуп жатам.  Дүйнө жүзүнө дүңгүрөп чыгып жатат. Менин оюмча тазалануу чаралар көрүлбөсө кийинкибиз мындан да кейиштүү болуп калышы мүмүкүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөй турган башкы прокурорлор жубайларын жактап жүрсө эмне болот? Бул акыркы келе жаткан шайлоолордо биздин элибиз ойлонуп өзүнүн тандоосун жасаш керек.

    БГУнун профессору Тилектеш Ишемкулов Курманбек Бакиев бир дагы убадасына турбаганын айтып, азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эки революцияны тең көргөндүктөн мурунку президенттердин кемчиликтерин кетирбөөгө аракет кылып жатканын айтты.

    -Курманбек Бакиев “үйүлөмдү аралаштырбайм”, “эл менен кеңешип иш кылам” жана башка ушундай сыяктуу убадаларын аткарган жок. Ал беш алты ай өтпөй бузулуп, Аскар Акаевден да өтүп кетпедиби. Андан кийин экинчи революцияда Бакиев элине ок атып, канчалаган азаматтарыбыз дүйнөдөн өтүп кетти. Алар чыныгы элдин күткөн үмүттөрүн актаган жок. Азыр кудайга шүгүр десек болот. Калыстык керек. Булардын баарын көргөн ажобуз Алмаз Атамбаев ошол кемчиликтерди кетирбөөгө аракет кылып иштеп, жакшынакай кадам жасап жатат.  Демек Бакиеди кулаткан революция канча кан төгүлсө да чыныгы элдик мүнөздөгү революция болуп ал өзүнүн алдына койгон максаттарына жеткен жана алдына койгон тапшырмаларды ырааттуулук менен аткарып жатат.

     

     

     

     

     

     

     

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *