0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Сергей Пономарёв: Аскар Салымбеков заманыбыздын акжолтой адамы

    Сергей Пономарёв: Аскар Салымбеков заманыбыздын акжолтой адамы
    16 09 2015 10:50

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков замандын акжолтой адамы. Бул тууралуу аталган партиядан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Сергей Пономарёв билдирди.

    «Мен Аскар Мааткабыловичти 2005 - жылдан бери билем. Ал кезде профсоюзда иштеп жүрчүмүн, ал болсо Нарын облусунун губернатору. Ошол жылдан тарта жакындан таанышып, анын ачыктыгына, жөнөкөйлүгүнө күбө болдум. Баса, 2007 – жылы Дүйшөмбү шаарына иш сапары менен барганыбызда тажик өнөктөштөр «Аскар Мааткабыловичтин губернатор, мэр болгону аныкпы?» деп сурашкан. «Ооба» дедим. Анда алар биздин губернаторлорго жолугуп, сүйлөшүү азап дешти. Анда мен «биздикилерди да кармай албайсың, бирок, бул адам таптакыр башкача»-дегем. Аскар Мааткабылович бийик интеллектуалдуу, терең билимдүү инсан, эки жогорку окуу жайын бүтүргөн, ал эми мындай жагдай өз кезегинде адамдын калыптанышына чоң таасир тйгизет эмеспи. Интуициясы мыкты өнүккөн. Ал эми анын меценаттык ишмердүүлүгүнө токтолсом, кайрымдуулук салымы эбак миллиард сомдон ашып кетти. Аскар Мааткабылович спортко, маданиятка эбегейсиз жардам көрсөтүп келе жатат. Анын спортту өнүктүрүү түйшүгү, убарасы жерде калган жок. Буга биздин футбол боюнча курама командабыздын Австралиянын курама командасы менен бетешүүсү жакшы күбө. Эсептин 2:1 болушу, чынын айтканда, Кыргызстандын жеңишине тете. Анткени биз Азиянын чемпиону, дүйнөлүк футбол жылдыздарынан куралган команда менен ат салыштык. Бир далай оюнчу, машыктыруучулар Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен стипендия алышат. Арийне, стадион, оюн талаалары, иш жүзүндө, киреше алып келүүчү булактарга кирбей турганы жашырын эмес. Тескерисинче, аларды кармоого такай каражат жумшалат. Андан сырткары, таанымал меценат маданий ишмер катары опера жана балет театры, филармония, китепканалар менен тыгыз байланышта. Нарындагы менчик галерея жергиликтүү калкты бийик искусствого, профессионал маданиятка тартуу багытында иштөөдө. «Прогрессивдүү жаштар демилгеси» Фондусу аркылуу жаштар, мугалимдер, окумуштуулар грант, стипендияга ээ болушууда. «Жашлидерлер мектебинде» бизнес чөйрөсүнүн эксперттери, машыктыруучулары белгиленген темалар боюнча сабак өткөрүшөт. Ошондой эле мыкты окуган улан-кыздардын чет өлкөлөрдө окушуна шарт түзүлгөн. Бирок, Аскар Мааткабылович өзүнүн кайрымдуулук иштери боюнча жар салып, кыйкырбайт. Аскар Мааткабылович өз бетинче 50 миңден ашуун жумуш орундарын түздү. Эгерде алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишип калсак, анда бул сан экиге өсөт. Беш жылда 100, 120 миңге жакын жумуш орундарын түзүшүбүзгө көзүм жетет. Ошол эле учурда башка бирөөлөр бир жылда миң жумуш орун жасай салдык деп көкүрөк каккылашат. Мейли, Алыбек алына жараша да. Биздин башкы максатыбыз бийлик эмес, бийлик бул тек гана аспап. Түпкүлүгүндө калкты жумуш менен камсыздап, орто катмарды калыптандырууну көздөйбүз. Аскар Мааткабылович ардайым «Мен гүлдөп-өскөн Кыргызстанды келечек урпактарга өткөрүп бергим келет», -деди Сергей Пономарёв.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *