Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Сокулукта ур-токмоктон каза болгон Н. Амановдун жакындары митинге чыгышты
Сокулук районунун Конуш айылынын эки жаатка бөлүнгөн тургундары айылдын 44 жаштагы тургуну Нурлан Амановдун өлүмүнөн кийин бир пикирге келе албай жатышат. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтында жарыяланган.
Маалымат боюнча, жабыркаган тарап Амановду ур-томокко алгандар мыйзам чегинде жазага тартылсын деген талап коюп жатса, экинчи тарап буга каршы чыгууда.
Аталган айылдын тургуну Аспект Молдокулов Нурлан Аманов чындыгында Рустамбек Курманалиевди зордуктаганын билдирген. “Бул соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталган. Каза болгон адам өз айылдаштарын аябагандай кыйнаган бул жетиштүү болуп кеткен. Ал дайыма коркутуп тартып алып, айылдаштарын коркуткан. Биз айылдын аксакалдары бул ишке баргандарды камабагыла деп суранабыз”,-деди.
Белгилей кетсек, Сокулук районундагы Конуш айылынын тургундары топтолуп айылдашы Нурлан Амановду 8-январга караган түнү ур-токмокко алышкан. Нурлан Аманов ооруканага жетпей көз жумган. Айылдын алты тургуну кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон. Бирок Сокулук райондук сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын үй камагына алуу чечимин чыгарган. Жабыркаган тараптын арызы боюнча эми бул ишти Чүй облустук соту карайт.