0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Сокулуктун эли «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясын колдойт

    16 09 2015 18:18

    Бүтүн Кыргызстан эмгек менен өркүндөйт!!!

    Өлкөнүн экономикасын, айыл- чарбасын ирилештирүү менен көтөрүү «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын негизги максаттарынан. Ал эми тоо кен тармагын жалпы элдик өндүрүшкө айландыруу партиянын «Ала Тоо кенч» долбоорунда камтылган. Мына ушул максатта «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Айтымында, Кыргызстан агрардык өлкө болуп келген жана боло берет. Айыл чарбасынан өлкөнүн ички дүң продукциясы 70-80 пайызды түзүп келген. Айыл чарба азык түлүк, жер жемиш, жашылча азыктар бүгүнкү күндө майда чарбалар менен өнүктүрүлүп келет. Деген менен аны керектөөчүлөргө тиешелүү көлөмдө жана сапатта жеткире албай жатат. Андыктан партиянын экономикалык программасында каралгандай, тиешелүү жумушчу орундарды түзүү, инвестиция тартуу приоритеттүү максаттардан. Дыйкандардын башын бириктирип, алар өндүргөн продукцияларды башка өлкөлөргө жөнөтүү, экспорттоо жакырчылыктын санын кыскартууга өбөлгө болмокчу.

    КЕН БАЙЛЫКТАР ЖАЛПЫ ЭЛГЕ ТААНДЫК

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы шайлоочулар менен болгон жолугушуусун улантты. Ал Белек айылында райондун эли менен жолугушуп жатып,«Ала Тоо кенч» долбооруна басым жасады. Аскар Салымбеков Кыргызстан кен байлыктардын чордонунда жайгашкандыктан, Кыргызстанга көз арткандар жок эмес экендигин айтты. «Ала Тоо кенч» долбоору өлкөнүн тоо кентармагын ирээтке келтирүү менен гана артыкчылык кылбастан, экономикалык жактан дагы өнүгүүгө негиздемелер бар. Атап кетсек, баалуу кендер менен минералдык ресусртарды кайра иштетүүчү завод, фабрикалардын ачылышына шарт түзүп, калкты жумушчу орундар менен камсыз кылат. Ири өнөр жайды калыптандыруу менен эконокамиканын жогорулашына жол ачат. Муну менен социалдык көйгөйлөр чечилмекчи.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгектин» урматына «Көк бөрү» тартылды.

    Сокулук районунун 16 командасы «Көк бөрү» оюну боюнча таймашты. Оюн районго караштуу Белек айылындагы ипподромдо өттү. «Рассвет», «Бөрүлү», «Достор», «Белек», «Беш корук», «Конуш», «Арашан» жана башка командаралар элдин маанайын көтөрүп, шамдагайлыгын көрсөтүп, казанга биринен аша бири улакты таштап жатышты. Партиянын атынынан сайылган байге улакчыларды кызуу оюнга салып, тапталган аттарынын мыктылыгын көрсөтүштү. Оюндун жарым финалына «Арашан» менен «Белек» чыгып, биринчиликке «Рассвет» менен күч сынашмакчы.

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *