0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Общество

    Сооронбай Жээнбеков: «Дордой» ассоциациясы ата мекендик бизнестин көрүнүктүү өкүлү катары негизги позицияны ээлеп турат

    Сооронбай Жээнбеков: «Дордой» ассоциациясы ата мекендик бизнестин көрүнүктүү өкүлү катары негизги позицияны ээлеп турат
    06 12 2016 14:07

    Кече Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда «Дордой» ассоциациясынын 25-жылдык мааракесине арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Ал жерде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо сөзү окулду.   

    Куттуктоо тексти:

    Урматтуу “Дордой” ассоциациясынын өкүлдөрү!

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Дордой” ассоциациясынын түзүлгөнүнө 25 жыл толушу менен куттуктайм!

    Көптөгөн жылдардан бери соода тармагы өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү үчүн негизги локомотивдеринен болуп саналат. Мунун ичинде “Дордой” ассоциациясы ата мекендик бизнестин көрүнүктүү өкүлү катары негизги позицияны ээлеп турат.

    “Дордой” – Кыргызстанда соода-логистикалык жайды түзүү менен Борбордук Азиядагы ири базар. Сиздер жүз миңдеген адамдарды жумуш оруну менен камсыз кылып, мамлекеттин бюджетине олуттуу салыктык чегерүүлөрдү которуп жатасыздар.

    Сиздердин талыкпай иштегениңиздердин натыйжасында Кыргызстандын базарларында жакшы өзгөрүүлөр болууда: соода тейлөөсүнүн аймагы, товарлардын ассортименти жана сатуу аймагынын географиясы кеңейүүдө, соода процесстерин уюштуруу өркүндөтүлүүдө.

    Өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигине кириши менен “Дордой” ассоциациясынын алдында соода-экономикалык иштерди кеңейтүүнүн кеңири келечектери ачылууда. Сиздер мурда эле рынок экономикасынын реалийлерине көнүп кетүүнү ийгиликтүү көрсөтө алгансыздар. Азыркы учурда да Сиздер региондогу өзүңүздөрдүн абалыңыздарды мындан ары дагы бекем чыңдай аласыздар деп ишенем.

    Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, жаңы кесиптик жетишкендиктерди, экономикалык туруктуулукту жана өнүп-өсүүнү каалайм.

    Кыргыз Республикасынын

    Премьер-министри                                                  С.Ш. Жээнбеков

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *