Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Соттор үй-бүлөлүк медиация боюнча семинарга катышууда
16 10 2014 13:14
Бишкекте Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борборунда «Сотторго үй-бүлөлүк медиацияны киргизүү боюнча кыскача курс» деген аталыштагы 3 күндүк семинар өтүүдө. Мындай маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлады.
Семинардын окутуучулары - Жогорку Соттун судьясы Исакова Жамалкан Мажитовна, медиация боюнча эл аралык эксперт Виговская Ирина.
Иш-чарага шаардык, облустук, жергиликтүү сотторунан бирден өкүл катышып жалпысынан 26 киши катышууда. Семинар 17-октябрга чейин созулат.