Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Сузак районунун Ынтымак айылында жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө
06 05 2015 09:36
Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Ынтымак айылында 29-апрелде саат 10:40 чамасында айыл аймагына караштуу Көк-Арт дарыясындагы суунун нугу сол тарабына бурулуп, №9 дамбанын болжол менен 800 метр дамбасы жок жерин суу жеп, 54 турак үйгө кооптуу абал жаралган.
ӨКМнын билдирүүсү боюнча ошондон бери жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли секундасына 70м³ түзөт.