Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Сузакта 14-майга караган түнү сел жүрдү
14 05 2015 09:35
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы, Сузак айылдык аймагында 14-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон селдин калдыктары Сузак айыл аймагынын Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 10-чакырымында жол каттамын убактылуу тосуп калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Унаа жолду тазалоо жумуштарына транспорт кызматынан 1 автогрейдер тартылып, эртең менен саат сегиз жарымда жол каттамы толук ачылды.