Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Сузакта жер көчкү түшүп, 6 адам каза болду
25 05 2015 09:21
Жалал-Абад облусунун Cузак районундагы Кыржол айлында 24-майга караган түнү жер көчкү түшүп, 5 үйдү басып калып, анын кесепетинен 6 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, каза тапкан адамдар:
1. Кенжебай кызы Эльнура, 1995-жылы төрөлгөн;
2. Каныбек уулу Мирлан, 2010- жылы төрөлгөн;
3. Каныбек кызы Зарина, 2009- жылы төрөлгөн;
4. Аттокур Алимбетов, 1956- жылы төрөлгөн;
5. Жамила Сейдалиева, 1958-жылы төрөлгөн;
6. Калыс уулу Нуржигит, 2012-жылы төрөлгөн.
Ал эми 12 адам тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага медициналык жардам көрсөтүүгө жеткирилип, Сузак райондук ооруканасында дарыланышууда. Андан сырткары 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.