Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Сөз эркиндиги үчүн 1 сом» акциясына чет мамлекеттеги кыргыздар дагы катышып жатат
“Маалымат.кг” сайтынын редактору Дайырбек Орунбековдун айып акчасы 1 сомдон беш күндөн бери чогултулуп жатат. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Дайырбек Орунбеков өзү билдирди.
Анын айтымында, акцияны “Сѳз эркиндигин коргоо" комитети түзүлүп уюштурган.
“Азыркы учурда аталган комитеттин кеңсесинде атайын кутуча орнотулуп, эл 1 сомдон салып жатышат. Коомчулуктун ѳтүнүчү менен Кыргызстандын аймагындагылар үчүн “ЭЛСОМ” кызматы аркылуу эсеп-счетун ачтым. Мындан тышкары Россия, АКШ, Казакстан жана башка чет мамлекеттердеги мекендештер да каражат чогултууга киришти”, -дейт Д. Орунбеков.
Белгилей кетсек, Дайырбек Орунбековду Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Андан кийин миллион сомдук доо коюлган. 16-июндагы сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы 1 миллион сомго көбөйткөн.