Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Саралаев: “И. Жолдубаева башкы прокурор болуп калса, анда менде бир суроо жаралат”
“Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп калса, анда менде бир суроо жаралат», - деп TOPNEWS.KG маалымат порталына “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү Тимур Саралаев билдирди. “Прокуратура системасында иштеген адамдардын арасында талаптарга толугу менен жооп берген адистер калбай калдыбы? Бул тармакта дайыма ротациялар жөнүндө, квалификацияны жогурулатуу тууралуу кеп кылышат ошол кадрлар кайда? Же Индира айымдан башка ишене турган прокуратура органдарында бир да адам калбадыбы?», -деген суроолорун айтты Т. Саралаев.
Мындан тышкары, Тимур Саралаев бул кызматка 35 жаш, аял киши болгону жакшы көрсөткүч экенин айтты. “Жеке менде эч кандай кызыкчылык жана каршылык жок. Болгону бул суроолордун негизинде объективтүү ойду эле айтып жатам”, - дейт Т. Саралаев