Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Сариев: “2015-жыл экономиканын өнүгүшүнө чечкиндүү жыл болуш керек”
16 01 2015 11:29
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон кийинки өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң мүмкүнчүлүктөр болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Экономика министри Темир Сариев тегерек столдо билдирди. Анын айтымында, айыл-чарба азык-түлүктөрүн экспорттоого, бизнес үчүн жол ачылат. “2015-жыл экономиканын өнүгүшүнө чечкиндүү жыл болуш керек”, - дейт Т. Сариев.
Мындан тышкары, Экономиканы өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда стабилдүүлүк, тартип болуш керек экенин айтты.