Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Сариев парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын айтты
30 04 2015 11:37
ЖКнын адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында премьер-министрге талапкер Темир Сариев парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты.
Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын катышкан партиялар, эл тааныш керек. «Шайлоону таза өткөрүү зарыл. Административдик ресурс колдонулбайт, аны четке кагуу абзел», -дейт Т. Сариев.
Ошондой эле шайлоону чоң көзөмөлгө ала турганын айтты.
ЖКнын адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Темир Сариевдин талапкерлиги каралып жатат.