Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Тургуналиев: Парламенттик шайлоо мыйзам чегинде, таза өтүшү күмөн
10 08 2015 12:27
“Үгүт иштери 4-сентябрда башталсын дегенге карабай партиялар шайлоочуларды өз тарабына тартуу максатында күндөп-түндөп жүгүрүп жатышат , -деп бүгүн, 10-августтагы маалымат жыйында коомдук активист Топчубек Тургуналиев билдирди.
Анын айтымында, саясий партиялардын бардыгы ЖКнын депутаттыгына ат салышуучулардын тизмесине таза, акчалууларды киргизүү менен алектенүүдө.
“Парламенттик шайлоо мыйзам чегинде, таза өтүшү күмөн. Ондогон жылдардан бери созулуп келеаткан Кыргызстандын оор кризистик абалы үчүн бийликтин бардык бутактары, алардын ичинде парламент өзгөчө күнөлүү”, -дейт Т. Тургуналиев.