Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Тургуналиев шайлоого катыша турган партияларды кылмыштуу адамдарды тизмеге киргизүүдөн алыс болууга чакырды
10 08 2015 12:41
Бүгүн жарандык активисттер президентке, шайлоо комиссиясына, шайлоого катыша турган партияларга жана бардык шайлоочуларга кайрылышты.
Топчубек Тургуналиев президент Алмазбек Атамбаевден шайлоонун жүрүшүн өз көзөмөлүнө алуусун суранды.
Ал эми шайлоого катыша турган партияларды кылмыштуу адамдарды тизмеге киргизүүдөн алыс болууга чакырды.
“Шайлоодон бизнес жасаганды токтоткула. Тизмеге кирүүгө аракет кылган “шүмшүктөр” бир миллион доллар берүүгө даяр экендиктери угулууда. Эгерде акчага кызыгып, партиянын тизмесине кошсоңор эл алдында абийиңер төгүлөт. Таза шайлоо өткөрүү мамлекеттин келечегине кошкон татыктуу салым боло турганын эсинеңерден чыгарбагыла”, -дейт Т. Тургуналиев.