Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Усубалиевге Президент өмүр бою берилүүчү өз стипендиясын ыйгарды
05 11 2014 09:27
Президенти Алмазбек Атамбаев 4-ноябрда «Усубалиев Турдакун Усубалиевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Т. Усубалиев 1-ноябрдан баштап президенттик фонддун каражаттарынан 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө өмүр бою ай сайын президенттин стипендиясын ала баштайт. Ал Т. Усубалиевдин негизги пенсиясына кошумча болот. Президент мындай урматты Т. Усубалиевдин мамлекетке сиңирген зор эмгеги үчүн жана 95 жашка чыккандыгына байланыштуу берди.