Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Зулпукаров: Эгерде мен “Искра плюс” гезити жазып чыккандай кылмыш жазасам, кудай мени жазаласын
08 04 2015 13:03
“Искра плюс” гезитинин бүгүнкү санында ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун 1997-жылы кыз зордуктоого катыштыгы бар деп жазып чыккан. Ошону менен катар эле аталган факты боюнча документтер бар экенин айтышкан.
Төрөбай Зулпукаровдун TOPNEWS.KG маалымат порталына бул боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.
“Жалганчыларды кудай өзү жазаласын. Эгерде мен ошолор айткандай кылмыш жазасам, кудай мени жазаласын”, -дейт Т. Зулпукаров.
Ал эми КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган материалды окубаганын билдирди.
“Бул боюнча өзүм окуп чыккандан кийин комментарий берейин”, -дейт Ч. Турсунбеков.