Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т.Айдаралиев төө буурчакты Түркияга экспорттоо боюнча эки жолду сунуштады
Бүгүн, 18-ноябрда Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Түркиялык делегациясы менен төө буурчакты экспорттоо маселеси боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынын кызматкери Урмат Бакыев билдирди.
Министр кыргыз дыйкандары өндүргөн төө буурчакты Түркияга такай экспорттоп туруу багытында эки өлкө расмий иш алып барышы керектигин айтты.
Таалайбек Айдаралиев өкмөттүн атынан төө буурчакты Түркияга экспорттоо боюнча эки жолду сунуштады. Ал бартердик негизде, башкача айтканда төө буурчактын ордуна техника алуу. Башка жолу төө буурчак боюнча өкмөттүн көзөмөлүндө боло турган кыргыз-түрк ишканасын ачуу.
Мындан тышкары министр төө буурчакты Түркиянын атайын буйрутмасы менен өстүрүү жолун да караштырып көрүүнү сунуштады. Мындай жол төө буурчакты өстүрүп, аны сатууга ылайыктуу болмок. Түркиялык тарап министрликтин сунуштарын угуп, бул маалыматтар Түркиянын айыл чарба министрине жеткириле турганын айтты. Түркиялыктарга таластык дыйкандар өндүргөн төө буурчактын түрү көрсөтүлдү жана меймандар алардын айрым түрүн тандап, үлгү катары алып кетти.