Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т.Сарпашев: “Маморгандар инвестициялык долбоорлор менен ыкшоо иштеп жатат”
Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев кечээ Бишкекте өтүүчү Араб координациялык тобунун II “тегерек столун” өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жыйын өттү . Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Форумда Кыргызстан араб өлкөлөрүнүн инвесторлорунун кароосун сунуштаган энергетика, саламаттык сактоо, айыл чарба, транспорт, туризм, курулуш жана билим берүү жаатындагы бир катар долбоорлор каралат. Ошондой эле тамчылатып сугарууну кеңейтүү, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Ош облустарындагы ирригациялык каналдарды куруу жана реконструкциялоо тууралуу жүрмөкчү.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, жалпысынан маморгандардан 20 ашуун инвестициялык долбоорлор келип түшкөн.
“Долбоорлор боюнча предметтик талкуу үстүбүздөгү айдын соңунда өтүүчү инвестициялык форумдун жүрүшүндө өтөт. Негизги көңүл экономикабыздын келечектүү багыттары болуп эсептелген айыл чарбага инвестиция тартууга бурулат”, - дейт Т. Сарпашев.
Кеңешменин соңунда Биринчи вице-премьер-министр маморгнадардын инвестициялык долбоорлор менен иштөөдөгү пассивдүүлүгүн белгиледи.
“Мындай иш ыкмасы менен сиздер инвесторлорду кызыктыра албайсыздар. Мамилени толугу менен өзгөртүү керек. Биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүндүгүнө кызыккан инвесторлор абдан көп, бирок алардын демилгеси мамлекеттик органдар тараптан жасалган көңүлкош мамиледен соң начарлап калууда" , - деди Тайырбек Сарпашев.