Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т.Жунусбеков: “Биз Россияга каршы эмеспиз, Бажы биримдигине кирүүгө каршыбыз”
“Биз Россияга каршы эмеспиз, Бажы биримдигине кирүүгө каршыбыз”, - деп TOPNEWS.KG маалымат порталына бүгүн, 23-декабрда “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде көп жагынан утулат. “Биздикилер товарды Кытайдан алып, Казакстан Россига эксторттоп жатабыз. Биздин чиновниктер Бажы биримдигине кирсек Казакстан менен Россиянын чек аралары ачылат деп айтып жатышат. Бирок Кытайдын чек арасы жабыла тургандыгын айтышпайт. Кытай жабылып калса биз эмнени экспорттойбуз? Россиянын, Казакстандын товарларын Кыргызстанга киргизип, эки-үч эсе кымбат болуп, тез аранын ичинде элдин жашоосу кыйындайт” –дейт Т. Жунусбеков.
Мындан тышкары, Төрөхан Жунусбеков 17-декабрда аталган кыймылдын демилгеси менен уюштурулган “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Бажы биримдиги” деген кезексиз улуттук жыйында аталган кыймыл иштеп чыккан резолюция көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Резолюцияда Бажы биримдигине кирүү маселенин мөөнөтү, 2015-жылдын күз айларына жылдырылсын деген пункт бар болгонун белгиледи.