Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Талас облусунун айрым жетекчилерине салыктардын пландарын аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилди
Бүгүн, 13-февралда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусунун 2014-жылы өнөр жай продукцияларынын көлөмүн, республикалык бюджетке түшүүчү салыктардын пландарын аткарбагандыктары жана айыл аймактарындагы жергиликтүү салык пландарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү үчүн айрым жетекчилерге эскертүү берди.
Эскертүү Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына Р. Чыналиевге, Талас райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына К. Алапаевге, Талас шаарынын биринчи вице-мэрине А. Койчубековго жана ошондой эле айыл чарба тармагын көтөрүү боюнча жеткиликтүү иш алып барбагандыгы үчүн Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына М. Табалдиевге берилди.