Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Талас районунда үшүк жүрдү
23 09 2014 15:33
Талас районунда 15-сентябрдан бери уланып келген сууктан улам үшүк жүрдү. Мындай маалыматты Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка боюнча, Бекмолдо, Өмүралиев айылдарында жана Жерге-Тал, Кара-Суу, Каба айыл өкмөттөрүндөгү төө буурчактар башка райондорго салыштырмалуу кеч бышат. Аталган айылдарда төө буурчак кеч бышкандыктан, дыйкандар түшүмдү жаңы гана жыйнап башташкан. Үшүк жүргөн аймактарды Райондук айыл чарба департаментинин өкүлдөрү да көрүп чыгышты. Учурда келтирилген чыгым такталып жатат. Болжол менен алганда, үшүк жүргөн аймактардагы төө буурчактын 30 пайызы жараксыз болуп чыгышы мүмкүн.