Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Талас шаарында «Ата Мекен» партиясы Жерүй маселеси боюнча жыйын өткөрөт
16 06 2015 09:38
Бүгүн, 16-июнда Талас шаарында «Ата Мекен» партиясы Жерүй маселеси боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аталган партиянын жаштар канатынын лидери Мурат Соорбеков билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Жерүйдү иштетүүгө каршылар жана аны иштетүүнү колдогондор чакырылып, талкуу болот.
Буга чейин Таластын айрым активисттери Жерүйдү иштетүүгө каршы бир нече нааразычылык акцияларын уюштурган.
Эскертсек, Жерүйдү иштетүү боюнча сынак жарыяланып, 4-майда россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.