Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Таласта курултай өтпөй калды (видео)
27 09 2014 11:38
Таласта 27-сентябрда курултай өтпөй калды. “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрүнүн айтымында, жергиликтүү бийлик курултай тургай жөн гана тегерек стол өткөргөнгө орунжай бербей койгон. Аталган кыймылдын өкүлдөрү Көк-сайдагы Күркүрө суусу мыйзамсыз казак тарапка сатылганын, сугат суусу тартыш болуп дыйкандардын төө бурчактары күйүп кеткенин, электр энергиясынын баасы жогорулашы тууралуу көйгөйлөрдү чечүү максатында өткөрө турганын айтышты.
Ал эми Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Жуманазаров азыркы учурда мындай жыйынды уюштурунун кажети жок экенин айтты.