Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Таласта «Жерүй алтын кенинин ачылуусуна жол берилбесин» деген аталыштагы элдик жыйын өтөт
18 05 2015 15:05
Эртең, 19-майда Талас районундагы Кара-Суу айыл аймагында «Жерүй алтын кенинин ачылуусуна жол берилбесин» деген аталыштагы элдик жыйын өтөт. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Талас Эл ынтымагы» кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов билдирди.
Анын айтымында, жыйын өткөрүү демилгесин эл өзү көтөрүп чыккан. «Жыйында Талас облусунда алтын кен чыккан жерлерге мароторий эл чечиминин акциясын улантуу жагы каралат. Эл «эч кандай алтын кендерди ачтырбайбыз» деп, белин бекем бууп жаткан учуру», - дейт С. Шейшенов.