Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Таласта Жерүйдүн иштетилишине каршы митингге эл чогула баштады
02 07 2015 12:04
Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында Жерүйдүн иштетилишине каршы митингге эл чогула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда TOPNEWS.KG маалымат порталына «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Төрөхан Жунусбеков билдирди.
Анын айтымында, болжол менен учурда 1 500 адамдай чогулуп калды. Митингдин катышуучулары колдоруна "Жерүй жабылсын", "Талас элине таза экология" деген жазууларды көтөрүп алышкан.
Буга чейин айрым Таластын активисттери бир нече жолу Жерүйдүн иштешине каршы акцияларды өткөрүп келишкен.
Эске салсак, Жерүйдү иштетүү боюнча 4-майдагы конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.