Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Таластагы жыйын жыйынтыкталып, эл тарады
19 05 2015 14:41
Талас районунун Кара-Суу айылындагы Жерүйдүн кенинин иштешине каршы уюштурулган улуттук жыйын бүтүп, эл тарады. Алар кийинки тынчтык чогулушту 7-июнда өткөрүшмөй болду. Ал бардык райондорго жакын болуу үчүн Талас шаарынын стадионунда өткөрүлөт. Эл өкмөт өкүлдөрү, Мамгеологиянын кызматкерлеринин жыйынга келип, отчет беришин талап кылышты.
Жыйынга Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырыскелди Ботиков, Талас районунун акими Райкан Өзүбеков жана шаардык депутаттар катышты.