Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Таластыктар төө буурчактын баасына нааразы экенин Айыл чарба жана мелиорация министрине айтышты
Таластыктар төө буурчактын баасынын төмөндөшүнө нааразы экенин Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев менен жолукканда айтышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. “Жеринде жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, тоо буурчакты сатып алуучу ири компаниялар азыр көмүскөдө иш алып барууда. Фасоль ошол ири компаниялардын ортомчулары аркылуу арзан баада сатып алып жатканы да белгилуу болду” , - деп билдирди аталган министрликтен.
Маалымат боюнча, учурда тазаланган төө буурчак 63-65 сомдон, ал эми тазаланбаганы 58 сомдон сатып алынууда.
Эске салсак, былтыр төө буурчакты баасы 74 сомдон башталып 100 сомго чейин сатылса, январь айынан мартка чейин 100 сомдон 115 сомго чейин сатып алынган. Ал эми март айын ортолоп барып тоо буурчак 60-65 сомдон бааланган.