Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Тамчылатып сугаруудан 20-30 пайыз суу үнөмдөлөт
Бүгүн, 22-майда, КСДП фракциясы өкмөткө тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоо боюнча программа иштеп чыгууну сунуштады.
КСДПнын лидери Ч.Турсунбеков тамчылатып сугаруу ыкмасы дүйнөдө 20 жылдан ашуун мезгилден бери колдонулуп, бул ыкманы АКШ, Израил, Батыш Европа өлкөлөрү көп пайдаланып жаткандыгына токтолду. Ч.Турсунбеков бул ыкма ири дыйкан чарбаларына эле эмес, катардагы дыйкандарга дагы ыңгайлуу, жөнөкөй экендигин белгиледи. «Биз өкмөткө тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоо боюнча фискалдык, экономикалык мүнөздөгү чаралардын программасын иштеп чыгууну сунуштап жатабыз. Бүгүнкү жыйында тамчылатып сугарууда башкы маселе болгон суу скважиналарын калыбына келтирүү маселесин талкуулайбыз», - дейт фракция лидери.
Талкууда айыл-чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев фракциянын сунушун колдоого алып, биргелешип мамлекеттик программа иштеп чыгуу керектигин айтты. Анын маалыматы боюнча тамчылатып сугаруудан 20-30 % суу үнөмдөлөт.
Жыйынтыгында фракция мүчөлөрүнүн айткан сунуш-пикирлерин эске алуу менен өкмөткө тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоо боюнча фискалдык, экономикалык мүнөздөгү чаралардын программасын иштеп чыгуу маселеси тапшырылды. Анда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү, скважиналарды инвентаризациялоо, алардын оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен каражат кароо, жана башкалар боюнча тапшырмалар белгиленген.