Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Таза оппозициялык кыймылы» Темир Сариевди отставкага кетишин талап кылып митингге чыгат
15 05 2015 10:33
Бүгүн, 15-майда. Ак үйдүн алдына өздөрүн «Таза оппозициялык кыймыл» деп атаган жарандык активисттер мамлекеттик аткаминерлерди, анын ичинен Темир Сариевди отставкага кетишин талап кылып митингге чыгышат. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган кыймылдын лидери Назарбек Нышанов билдирди.
Алардын талабы - Жогорку Кеңеш ушул аптанын ичинде Кыргызстан ЕАЭБге кирүү документтер топтомун ратификациядан өткөрүү. «Бажы биримдигине 8-майда расмий киргенибиз менен толук кандуу кире албай жатабыз. Дагы эле бажы постору ачылбай, Россиядагы мигрантарыбыздын абалдары чечилбей, патент сатып алып жатышат», - дейт Н. Нышанов.
Эскертсек, Кыргызстан ЕАЭБге 8-майында расмий кирген.