Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Тажикстандагы жер титирөө Ош облусунда сезилди
18 11 2014 09:25
18-ноябрда эртең мененки саат алты жарымда Тажикстандагы жер титирөө Ош облусунда сезилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстан аймагында болуп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон айылынан 180 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөө Дароот-Коргон айылында 3 баллга сезилди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.