0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кыргыз пресса

    Текебаев менен теңелем дейт

    Текебаев менен теңелем дейт
    23 09 2014 15:23

    «Кыргыз Туусу» гезити «Интеллектуалдык жарыштын жеңүүчүлөрү» деген рубриканын алдында «Акыл Тирек» кимдерде? деген макаланы жарыялаган. Макалада коомдук ишмер Аскар Салымбеков негиздеген Прогрессивдүү Демилгелер фонду Экинчи бүткүл дүйнөлүк кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» интеллектуалдык жарышынын жыйынтыгын чыгарды. Быйылкы жылы экономика, мамлекеттик башкаруу, социалдык,  илимий-техникалык багыттагы долбоорлор жана алардын турмушта колдонуусу боюнча сунушталган 120 эмгектен 12 иш сынактын жеңүүчүлөрү болуп калды. Жеңүүчүлөр 25 000 сомдон 50 000 сомго чейин акчалай сыйлыктар менен сыйланышты деп, фонддун ишмердүүлүгүнө  токтолгон.

    «Фабула» гезити «Текебаев менен теңелем дейт» деген макаланы жазган. Анда «Чолпон Атадагы ат майдандан Камчы Көлбаевдин атасынын атын алдырып салып Өмүрбек Текебаев эрдик кылган. Эми эл өкүлүнө эрегишкен Камчы Көлбаев Текебаевди бүгүн теңсинбей турат. Көчмөндөр оюну өткөн Кырчын жайлоосунда жалаң депутаттар анан губернаторлорго арнап тигилген боз үйлөрдүн бирин ээлеп, мыйзамдагы ууру мыйзамчылар менен, тагыраагы Өмүрбек Текебаевге атайылап катарлаш отуруп алыптыр. Жини кашайган Өмүрбек мырзанын  майрамдык маанайы бузулуп, бул эмне бийлик менен теңелгиси келип жатабы деп каарданып, ошол жердеги күч органдарына камагыла деп ачык эле айкырыптыр» деп жазат.

    Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун маегин жарыялаган. Анда «коалиция ыдырайт, өкмөт отставкага кетет деген кептер айтылууда» деген кабарчынын суроосуна Турсунбай мырза «министр же өкмөт башчы ага коюлган вазийпаны так аткаруу үчүн ага убакыт берүү керек. Бүгүн шайлап эртең кет десек иш болбойт. Өкмөттүн тез алмашуусу натыйжа бербейт» деген. Ал эми Камила Талиеванын министрликтен кетиши мен үчүн күтүүсүз болду. Мен фракция жетекчиси Феликс Куловдон бул маселени сурасам, ал «Өкмөт башчы силер чечим чыгарып бергиле»  деп бизден суранганын айтты деген жообун берген.

    Гезиттин 3-бетиндеги «Мамлекеттик тил акча менен  өнүкпөйт» деген макалада 2015-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 243 млн.сом бөлүндү. Акча бөлүнгөнү жакшы. Бирок мамлекеттик тил акча менен өнүкпөсүн көптөр, айрыкча аткаминерлер жана «киргиздер» түшүнбөй жатат деп айтылган.

    Гезиттин 6-бетинде экономика министри Темир Сариевдин «Бажы биримдигине кирүү биздин тандоо болду» деген маеги жарыяланган. Маекте министр «Бажы биримдигине кирүү биздин тандообуз болду. Биз биримдикке кирбейбиз, Россия менен Казакстандын базарларынын кызыкчылыгы жок, биз өз товарларыбызды, азык-түлүктөрүбүздү АКШга, Европага сатабыз деп баш тартып койсок болот, бизди эч ким мажбурлабайт»  деген оюн айткан.

    «Алиби» гезити Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын маегин чыгарган. Анда Надира айым башкаруу системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, ар бир министрликтин функциясын, милдетин так аткарылышын талап кылып, жоопкерчиликти күчөтмөйүн жана бири-бирин кайталаган тармактарды жоюп, бюджетке сарамжалдуу мамиле кылмайын аткаруу бийлигинин иши алдыга жылбайт. Азыр айыл чарба, билим берүү министри өз милдеттерин так аткарбай келген гранттарды жана кредиттерди бөлүп, аталган каражаттарга кожоюндук кылуу менен гана чектелип калды деген көз карашын айткан.

    Ушул эле гезиттин 5-бетиндеги «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров менен  болгон маекте  «Ташиев менен Бабановдун ич ара бириккени тууралуу сөз кетип жатат» деген кабарчынын суроосуна депутат «Негизи эки фракция оппозициядабыз. Ага болбой эле эки лидер жана эки фракция биригет деген сөздөр айтылып жатканын менин да кулагым чалды. Эки фракция эмес, башка фракциялар менен да сүйлөшүү жүрүп, баары эле биригүүнүн айласын издеп жатышат. Анткени, биригүү жакшы жөрөлгө» деген жообун айткан.

    Ал эми ушул эле гезиттеги режиссер Садык Шер-Нияздын маегинде «Министр болом деген оюм жок болчу, «Ар Намыс» фракциясы конкурс  кылаарын айтышты. Мен арыз жазып кайрылгам. Конурска бир саат калганда мени тизмеден чийип салышыптыр. Бул жөн эле шоу болуп калды деп ойлойм. Саке, Саке деген депутаттардын эки жүздүүлүгүнө таң бердим» деген режиссёр.

    «Эркин Тоо» гезити Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жан Мишель Хаппи мырза «Биз кыргыз өкмөтүнө азыр эле эмес, келечекте да көмөк көрсөтүү жөнүндө чечимге келдик.» – деп айтты. Аталган миссия Кыргыз Өкмөтү менен бир топ талкуудан кийин кыштан кыйналбай чыккыла деп 25 млн. доллар финансылык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды деп жазат.

    Ушул эле өкмөттүк гезит «Кылычын сууруп кыш келсе...» деген макаланы жарыялаган. Макалада быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз, электр энергиясына ишенүүгө болбойт. Кышка карата камылга кандай деп, Кыргызстандын бардык аймактарында сатылып жаткан көмүрдүн баасы боюнча «Кыргызкөмүр» ишканасынын маалыматын берген. Маалыматта көмүрдүн баасы 1300 сомдон 10 000 сомго чейин жеткен.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *